Өлө турган абалга келип, кайра оңолуу, баш көтөрүү, өлбөй аман калуу. Апам катуу ооруп, көр оозунан кайтты («Кыргызстан аялдары») Селки болуп селкилдеп жүрөм деген жаным көр оозунан кайттым (Абдукаимов).
Өлө турган абалга келип, кайра оңолуу, баш көтөрүү, өлбөй аман калуу. Апасы катуу ооруп, көр оозунан кайтты («Кыргызстан аялдары»). Селки болуп селкилдеп жүрөм деген жаным көр оозунан кайттым (Абдукаимов). В.: Көр оозунан кайта келүү. Каныбек көр оозунан кайта келгени эсиңдеби, кубатым (Жантөшев). Көр оозунан кайра кайтуу. Ал көр оозунан кайра кайтты («Ала-Тоо»). Көр оозунан кайра тартуу. Үч ай ооруп, көр оозунан араң дегенде кайра тарттым («Ала-Тоо»). Көр оозунан кайтып келүү. Көр оозунан кайтып келдим, бир ажалдан башканы көрдүм («Ала-Тоо»).